Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди

© пресс-служба мэрии города БишкекМэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын социалдык маселелери боюнча жыйында Түлөбаев Жапаров ага курулуш жаатында тапшырма бергенин жана каражат жагын чечүүгө убадалаганын айтты.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.
Шаардын социалдык маселелери боюнча жыйында Түлөбаев Жапаров ага томолой жетим балдар үчүн үй жана селсаяктар үчүн борбор курууну тапшырганын айтты.
"Садыр Жапаров томолой жетим балдар үчүн көп кабаттуу эки үйдүн курулушуна каражат табууга убада берди. Курулуш вице-мэр Азамат Сагындык уулунун сунушу менен Учкун кичи районунда (Свердлов району) жана Ленин районундагы жер тилкеде жүрөт деп болжолдонду. Акырындык менен жетим балдарды батир менен камсыздай алабыз деп ойлойм", — деди Түлөбаев.
Ал социалдык бөлүмгө муниципалитетте каттоодо турган жетим балдар тууралуу маалымат берүүнү тапшырганын кошумчалады.
Жапаровдун экинчи тапшырмасы, тагыраагы, селсаяктар үчүн борбордун курулушуна 50 сотых жер аныкталып, ал жай 200 кишиге ылайыкташарын айткан.
Алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай Ош шаарында курулду - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында алгачкы муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду. Сүрөт
"Шаардык милициянын башчысы бизде мындай жер жок экенин, селсаяктар ысык, суукта көчөдө калып каларын билдирген. Борбордо аларды өзүнө келтирип, дарылап, паспорт берип, кадимки жашоого кайтарууга аракет кылабыз", — деген Түлөбаев.
Шаардын мэринин милдетин аткаруучу борбордун өзүнүн дарыгерлери болорун, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылып, шаардык бюджеттин эсебинен мончо жана ашкана куруларын кошумчалады. Ал мындай жайды курууда мэрия коомдук фонддордон жардам алууга даяр экендигин да айта кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0