Финполго Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова чакырылганы айтылды

© Пресс-служба правительства КРМурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив
Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча буга чейин мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова
Заседание Жогорку Кенеша в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова
Алардын айтымында, Исмаилова эртең, 26-январь саат 09:30га, ал эми Өмүрбекова саат 15:00гө чакырылды. Финпол азырынча комментарий бере элек.
Ситуация во Франции на фоне пандемии COVID-19  - Sputnik Кыргызстан
Финпол ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын саткан кылмыштуу топту кармады. Сүрөт
Өмүрбекова 2018-жылдан 2020-жылга чейин вице-премьер болуп иштеген. Исмаилова болсо ал кеткенден кийин апрель айынан октябрга чейин бул кызматты аркалаган.
Ушул иш боюнча буга чейин өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.
Андан мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан. Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам унаалары кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0