Инаугурация өткөрүүгө канча каражат сарптала турганы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖүз доллар жана миң сомдук купюралар лупа менен. Иллюстративдик сүрөт
Жүз доллар жана миң сомдук купюралар лупа менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанатка Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчылары, экс-президенттер, саясий партиялардын өкүлдөрү, президенттик шайлоодо ат салышкан талапкерлер дагы чакырылган.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Инаугурацияны өткөрүүгө долбоор боюнча 15 миллион сом каралган. Бирок азыркы тапта сумма болжол менен 10 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чара 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, саат 11:00дө башталат.
"Инаугурацияга чакырылгандардын 70 пайызы жөнөкөй эл. Иш-чарада биз басымды ушул контингентке жасадык. Салтанатка мамлекет башчылары чакырылган жок. Анда өкмөт, БШК, Конституциялык палата өкүлдөрү болот. Мындан сырткары, эл аралык уюмдардын, дипөкүлчүлүктөрдүн адамдары, эл баатырлары, аксакалдар, эл жазуучулар, эл артисттери да келет", — деди Касмамбетов.
Салтанатка Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчылары, экс-президенттери, саясий партиялардын өкүлдөрү, президенттик шайлоодо ат салышкан талапкерлер дагы чакырылганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0