Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы качан айтылат. БШКнын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуштарды санап жаткан БШК кызматкерлери
Добуштарды санап жаткан БШК кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет мөөнөтүнөн эрте добуш берүү болгонуна байланыштуу башка процедуралардын дагы убактысы кыскарган. Тагыраагы, расмий жыйынтык 20 күн эмес, 14 күндүн ичинде айтылышы керек.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
"Мыйзам боюнча, президенттик шайлоо өткөндөн кийин расмий жыйынтык 20 күндүн ичинде белгилүү болот. Анткени утулуп калган талапкерлерге тиешелүү органдарга даттанып, кайрылууга убакыт берилет. Бирок бул мөөнөтүнөн эрте добуш берүү болгонуна байланыштуу башка процедуралардын дагы убактысы кыскарган. Тагыраагы, расмий жыйынтык 20 күн эмес, 14 күндүн ичинде айтылышы керек", — деди маалымат катчы.
Эске салсак, Кыргызстанда 10-январь күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүлдү. Алдын ала жыйынтык боюнча, талапкер Садыр Жапаров 79,25 пайыз менен алдыда келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0