Мамдума төрагасы Володин ЖК төрагасы Мамытовду куттуктады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаРоссиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы, ЖККУнун Парламенттик ассамблея төрагасы Вячеслав Володин жана Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архив
Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы, ЖККУнун Парламенттик ассамблея төрагасы Вячеслав Володин жана Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы 10-январда өткөн шайлоо ачык-айкын, адилеттүү болгонун белгилеген.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы, ЖККУнун Парламенттик ассамблея төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовду президенттик шайлоо жана референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу Мамдуманын сайтында кабарланды.
Эскерте кетсек, шайлоо 10-январда өттү. Спикерлер телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
"Кыргызстанда иштеген байкоочулар добуш берүү ачык-айкын, адилеттүү болгонун белгилешти", — деди Мамдуманын төрагасы.
Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Володин менен Мамытов Россия жана Кыргызстандын парламенттери аралык мамилени бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0