Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен ЕЭК төрагасы куттуктады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЕвразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович. Архив
Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандаган референдум өттү. Анда Садыр Жапаров алдына киши салган жок.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз өлкөдө кадыр-баркыңыз бар экенин жана элдин ишеними күчтүү экенин айгинелейт. Андыктан сиз Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдүн кызматтташтыгына жаңы дем бересиз деп ишенем”, — деди Мясникович.
Мындан тышкары, ал Садыр Жапаровго бекем ден соолук, ал эми кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү каалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0