Түрмөдө жатып революция жасадым деген Жапаров ийгилигинин сырын ачты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМитинг сторонников С. Жапарова в Бишкеке
Митинг сторонников С. Жапарова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров "Одноклассники", Facebook, Instagram тармактарында группаларды түзүп, эл менен дайыма байланышта болуп турганын белгилеген.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча атаандаштарын кыйла артта калтырган Садыр Жапаров россиялык "Комерсант" басылмасына интервью берип, анда элдин ишенимине кантип киргенине чейин айтып берген. 
Жапаров абакта өткөргөн 3,5 жыл ичинде ошол жердеги жөнөкөй жарандарга жардам берип турганын белгилеген.
"Түрмөдө отурган кезде кылмышкерлерге жардам берген жокмун. Жөнөкөй жарандарга гана кол сундум. Абакта отурган маалда мага жүздөн ашык адам кайрылып, баары тең эркиндикке чыгышты. Кийин алар мени жакшы адам деп маалымат жайылта башташты. Эркиндикке чыкканымда алардын бардыгы митингде жүрүштү, мени колдоп жатышты. Үчүнчү революциянын сыры ушунда", — деди Жапаров.
Предвыборная агитация в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодо жеңген Садыр Жапаров Кыргызстанды кантип өнүктүрмөкчү? Убадалары
Ал ошондой эле "Одноклассники", Facebook, Instagram тармактарында группаларды түзүп, эл менен байланышта болуп турганын белгилеген.
"Жарандардын контактыларын топтоп WhatsApp каналынан 50дөй тайпа ачтым. Алар аркылуу "Кумтөр" жана өзүмдүн иштерим тууралуу маалыматтарды жайылттым. Ошентип, 3,5 жылдын ичинде жалпы элге үнүмдү жеткирдим. Абакта 24 саат бою бошсуң да. Ушундай жол менен мен түрмөдө жатып революция жасадым", — деген Жапаров.
Ал эми журналист "абакта отуруп алып соцтармакка кирүүгө мүмкүн беле" деген суроону узаткан.
"Мыйзам жүзүндө болбойт, бирок биз жолун таптык", — деп жооп берген ал.
Маекте Жапаров бир катар реформаларды жасаарын айтып, бийликке туугандарын алып келбей турганын убадалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0