Жапаров Путиндин Кыргызстандын ички саясатына берген баасына кошуларын айтты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттикке талапкер Садыр Жапаров. Архив
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык журналисттерге берген интервьюсунда Садыр Жапаров өлкөдө коррупция менен бюрократияны жеңүүгө бийликтин эрки жетерин айткан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстандагы дайым болуп турган башаламандык боюнча Владимир Путиндин айткан кебине толугу менен кошуларын "Коммерсант" басылмасы жазды.
Саясатчыга: "Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы ички саясий абалды башаламандык, хаос жана чехарда деп сүрөттөгөн эле. Мындай баага макулсузбу?" — деген суроо узатылган.
Жапаров өз жообунда лидердин пикирине толугу менен кошуларын айтты.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
"100 пайызга макулмун. Бүгүнкү күнгө чейин кырдаал Владимир Владимирович айткандай эле болуп келди. Эми мындай көрүнүштөр болбойт. Коррупция менен бюрократияны жок кылабыз. Буга биздин эркибиз жетет. Мындан ары баары жакшы болот", — деди Жапаров.
2020-жылдын декабрь айында РФ лидери Владимир Путин чоң маалымат жыйын берген. Анда Кыргызстан тууралуу суроо узатылганда өлкөдө дайым башаламандык болуп келерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0