Президенттик шайлоо адилет өттүбү? ШКУ байкоочуларынын пикири

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДобуш берүү учурунда Бишкектеги шайлоо участкасында аял
Добуш берүү учурунда Бишкектеги шайлоо участкасында аял - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-январь күнү Кыргызстанда президентти шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум болуп өттү. Анда ШКУ байкоочулары дагы иш алып барды.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоону жана референдумду ачык, адилеттүү жана легитимдүү өттү деп тааныды. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Владимир Норов видеоконференция учурунда билдирди.
Ал ШКУ байкоочуларынын ишинин жыйынтыгынын урунттуу учурларын атады:
  • БШКдагы иш-чаралар ачык-айкын болуп, ЖМКлар тарабынан тыкыр чагылдырылды;
  • бардык талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарттар түзүлдү;
  • шайлоо кампаниясынын ар бир этабы ЖМК тарабынан чагылдырылды. Журналисттердин материалдары аркылуу шайлоочулар талапкерлердин программасы менен таанышты;
  • шайлоодо атаандаштык күч болуп, мунун аркасынан жарандык коом тарабынан катуу көзөмөлдөндү;
  • одоно мыйзам бузуулар болгон жок;
  • байкоочулар миссиясы шайлоону жана референдумду ачык, адилеттүү жана легитимдүү өттү деп тааныйт;
  • байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы демократиялык процесстердин мындан аркы өнүгүшүнө маанилүү кадам болду деп эсептейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0