Россиялык депутат Мамлекеттик Дума КРге кандай мамиледе экенин айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоординатор группы наблюдателей от МПА, депутат Госдумы РФ Виктор Заварзин
Координатор группы наблюдателей от МПА, депутат Госдумы РФ Виктор Заварзин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда Россиянын федералдык мыйзамына чет элдик жарандарга автоунааны пайдалануу менен ишкерлик кылууга же кызмат көрсөтүүгө тыюу салынган. Бирок 2017-жылы бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, КР жарандарына тиешеси жок экени айтылган.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүүгө байланыштуу мыйзам долбоорлоруна Мамлекеттик Думада каршы чыккандар жок. Бул тууралуу Кыргыз-Россия парламенттер аралык комиссиясынын теңтөрагасы Виктор Заварзин билдирди.
Ал Кыргызстанга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын курамында келген.
"Мен Кыргызстанга көп келем, албетте, кээ бир нерселерге кабатырланам. Биздин комиссиянын иши бир топ алга жылды. Россиянын мыйзамдарына Кыргызстанга тиешелүү көп нерселер киргизилди. Ошол эле айдоочулар, мигранттар тууралуу. Мындай мыйзамдар кабыл алынып жатканда кайсы партиядан экенине карабай, ага каршы болгондор жокко эсе. Ишенип койгула. Мисалы, мигранттар, айдоочулар тууралуу мыйзам кабыл алынганда депутаттар бир добуштан колдоп беришти", — деди Заварзин.
Анын айтымында, бул мамилелердин мындан ары дагы бекемделип бара жатканынан кабар берет.
Мурда Россиянын федералдык мыйзамына чет элдик жарандарга автоунааны пайдалануу менен ишкерлик кылууга же кызмат көрсөтүүгө тыюу салынган. Бирок 2017-жылы бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, КР жарандарына тиешеси жок экени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0