Биримдикте иш алып баралы! Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштарына кайрылды

Жазылуу
Жапаров талапкерлердин көбү дасыккан чоң саясатчылар экенин белгилеп, алардын жаркын идеяларын өлкө үчүн колдонуу керек деди.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттик шайлоодо алдыда бара жаткан Садыр Жапаров атаандаштарын бирге иштешүүгө чакырды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийин журналисттерге маалымат жыйын өткөрүүдө.
"Шайлоого катышкан атаандаштарыма чын дилден ыраазычылык билдирем. Азыркы тапта ынтымактан кетип, бири-бирибизге акаарат айтып, ушак-айың менен алпурушуп отуруунун эч кандай кажети жок. Мындан биз өлкөбүзгө зыян гана алып келебиз. Талапкерлердин көбү дасыккан чоң саясатчылар. Биз алардын иш тажрыйбасын, жаркын идеяларын өлкөбүз үчүн колдонууга тийишпиз. Ошондуктан атаандаштарыма Кыргызстандын келечеги үчүн жеке кызыкчылыктарыбызды сүрүп чыгарып, биримдикте иш алып барганыбыз туура деп эсептейм", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал мүнөзүндө кекчилдик жана өч алуу деген сапаттар жок экенин кошумчалады.
Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0