Жапаров: убадама турбасам, атамдын, энемдин жана баламдын арбагы кечирбес

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттикке талапке Садыр Жапаров
Президенттикке талапке Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке 17 киши ат салышкан. Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган болчу.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мен Кыргызстанды оңдойм деген тилегимди ишке ашырбасам атамдын, энемдин жана баламдын арбагы кечирбес. Мындай билдирүүсүн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан Садыр Жапаров алгачкы маалымат жыйынында таратты.
"Мен Кыргызстанды оңдойлу деп жүрүп орду толгус жоготууларга учурадым. Эгер ошол кыялдарымды ишке ашырбасам, атамдын, энемдин, уулумдун арбагы кечирбес. Бирок мен ал кыялдарымды жалгыз ишке ашыра албайм. Жалпы элдин колдоосу керек. Анткени ууруларды, коррупционерлерди жоготуу өтө оор", — деди Жапаров.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Ага ылайык, Жапаров атаандаштарын бир топ артка калтырды.
Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0