Алдын ала жыйынтык боюнча Кыргызстанда референдум өттү деп таанылды

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо учурунда Бишкектеги шайлоо участогундагы жарандар
Шайлоо учурунда Бишкектеги шайлоо участогундагы жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек эле.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда башкаруу формасын тандоого 1 178 656 кыргызстандык катышып, референдумду таануу үчүн минималдык чектен ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Саат 18:00гө карата берилген маалымат боюнча, 33,08 пайызы өз тандоосун жасаган. Мыйзам боюнча референдумду өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
“Негизи мыйзам боюнча референдумга шайлоочулардын 30 пайызы катышышы керек. Азырынча бул чектен ашты, бирок расмий маалыматты кол менен эсептегенден кийин айтабыз”, — деди Шайлдабекова.
Жалпысынан бул ирет 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталган.
Аймактар боюнча маалымат:
  • Бишкек — 416 123 шайлоочудан 131 035и добуш берди (31,49 пайыз);
  • Ош — 151 115 шайлоочудан 56 659у добуш берди (37,49);
  • Чүй облусу — 591 818 шайлоочудан 167 266сы добуш берди (28,26);
  • Талас облусу — 157 886 шайлоочудан 49 412си добуш берди (31,3);
  • Ош облусу — 722 933 шайлоочудан 245 559у добуш берди (33,97);
  • Жалал-Абад облусу — 666 695 шайлоочудан 224 010у добуш берди (33,6);
  • Баткен облусу — 297 264 шайлоочудан 101 049у добуш берди (33,99);
  • Ысык-Көл облусу — 307 786 шайлоочудан 120 319у добуш берди (39,09);
  • Нарын облусу — 202 475 шайлоочудан 73 478и добуш берди (36,29);
  • Чет өлкөлөрдө — 49 479 шайлоочудан 9 869у добуш берди (19,95).
Бардык маалыматты Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0