Ою өзгөрүп кеттиби? Жээнбековдун парламентаризм боюнча айткан пикирлери

Жазылуу
Бүгүн экс-президент журналисттердин суроосуна жооп берип жатып президенттик башкаруу формасын тандаганын билдирди. Буга чейин ал парламентаризмди колдой турганын айтып жүрчү.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктаган референдумга келип добушун берди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, президенттик башкаруу формасын тандаганын билдирген.
Анткен менен Жээнбеков өзү президент болуп турган кезде парламентаризмди колдой турганын айтып келген.
2018-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) башкы катчысы Томас Гремингер менен жолугуу учурунда Кыргызстандагы 2005 жана 2010-жылдардагы окуялар диктатура менен парламенттик демократиянын кагылышы экенин баса белгилеген.
"Биз парламентаризмди тандап алдык жана бул жолдон тайбайбыз, анткени мамлекеттин келечеги парламенттик демократияга байланыштуу", — деген ал ошол учурда.
Добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан боюнча 661,5 миң шайлоочу добуш берди. Саат 14.00гө карата маалымат
Апрель революциясынын 10 жылдыгында Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалганын билдирген.
"Биз өлкөдө парламентаризмдин өнүгүшү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз", — деген ал.
Мындан сырткары, Жээнбеков 2017-жылы өткөн инаугурация учурунда парламенттик башкаруу формасын колдой турганын белгилеген эле.
"Мен парламентаризмди колдойм. Президент катары Конституция менен белгиленген милдеттеримди так аткарам", — деп убада берген экс-президент.
Бүгүнкү добуш берүүдөн кийин Жээнбеков өзүнүн чечимине комментарий берген жок. Ал кийинчерээк маалымат берерин гана айткан.
Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президент болуп шайланган. 2020-жылдын октябрь айындагы толкундоолордон кийин отставкага кеткен. Мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырганына карабастан экс-президент статусуна ээ. Декабрь айынын соңунда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн атынан фонд түзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0