Талапкерлердин шайлоо фондуна 112 млн. сом түштү. Кимиси көп чогулткан

© Sputnik / Табылды КадырбековБеш миң сомдук купюралар. Архив
Беш миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкерлерге түшкөн сумманын жарымынан көбү Садыр Жапаровго таандык, анын фондуна 60,53 миллион сом жыйналган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттикке ат салышкандардын шайлоо фондуна 112 миллион сом келип түштү. Бул туурасында БШКнын алдындагы көзөмөлдөө, текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Батырова билдирди.
Бул сумманын жарымынан көбү Садыр Жапаровго таандык, анын фондуна 60,53 миллион сом жыйналган. Экинчи орунда 14,22 миллион сомдук фонду менен Бабыржан Төлбаев турат. Андан кийинки саптарга Имамидин Ташов (4,9 миллион сом), Абдил Сегизбаев (4,5 миллион сом) илинген. Калган талапкерлердин фондуна түшкөн каражат төрт миллион сомго жеткен эмес.
Белгилей кетсек, шайлоочулардын бир пайыздан жогорку добушун алган талапкерге шайлоо күрөөсүнө төккөн бир миллион сому кайтарып берилет.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн республика боюнча 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса, ошол жеңүүчү деп аныкталат.
Добуш берип жаткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Байкоочу: Кыргызстандагы автоматтык добуш санаган системага Россия суктанууда
Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).
Шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0