Сооронбай Жээнбеков президенттик башкарууну тандаганын айтты. Видео

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды үч жыл башкарды. Былтыр октябрдагы саясий окуялардан улам отставкага кеткени белгилүү.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президентти шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо референдумунда добушун берди.
Анын добуш берген имараттан чыгып баратканын Reporter.kg маалымат агенттиги тартып алган. Кадр "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Видеодон Жээнбековдун президенттик форманы тандаганын айтканын угууга болот. Журналисттердин башка суроолоруна "кийин жооп берем" деген.
Сооронбай Жээнбеков өлкөнү үч жыл башкарды. Былтыр саясий окуялардан улам отставкага кеткен.
Жакында эле коомдук фондун түзгөнүн жар салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0