Бүгүн өлкөдө шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү"

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын Чүй проспекти менен Панфилов көчөсүнүн кесилиши
Бишкек шаарынын Чүй проспекти менен Панфилов көчөсүнүн кесилиши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жымжырттык күнү" президенттикке талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт. Эртең таңкы саат сегизден кечки сегизге чейин кыргызстандыктар өлкө президенттигине талапкерлерге жана башкаруу формасын тандап добуш беришет.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында президенттик шайлоонун алдындагы "жымжырттык күн". Добуш берүүнүн алдындагы 24 сааттын ичинде президенттикке талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.
Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт.
"Жымжырттык күнүнүн" шарттары бузулган учурда, БШК буга жол берген тараптарды Административдик жоопкерчилик боюнча кодекстин 52 жана 54-беренелеринин негизинде айыпка жыгат.
Ал эми бул күнү көчөлөрдө жана коомдук жайларда мурда илинип калган көрнөк-жарнактар өз ордунда кала берет.
Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасын аныктай турган референдум эртең, 10-январда, өтөт. Ажолукка 17 талапкер ат салышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0