Шайлоо: ЖК төрагасы жана ТИМ башчысы эл аралык байкоочулар менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жана тышкы иштер министри менен жолукту
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жана тышкы иштер министри менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз бийлигинин жетекчилери шайлоого байкоо салуу үчүн келген миссиянын өкүлдөрүнө таза шайлоо өткөрүүгө ишендиришти.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары Жогорку Кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри менен жолукту.
Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда Мамытов эл аралык стандарттарга шайкеш келген демократиялык шайлоону өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген. Аны менен катар шайлоо маалында Кыргызстанда коомдук тартипти камсыздоого багытталган бардык чаралар көрүлөрүн айткан.
Соңунда делегация башчылары Президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алуу тилегин билдиришкен.
Жолугушууга КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Россия Думасынын депутаты Виктор Заварзин жана ЖККУ ПАнын байкоочулар миссиясынын координатору, Тажикстандын Оли Мажлисинин депутаты Рустам Шохмурад катышкан.
© Фото / пресс-служба МИД КРРоссия Думасынын депутаты Виктор Заварзин
Встреча Межпарламентской ассамблеи стран СНГ с главой МИД КР - Sputnik Кыргызстан
Россия Думасынын депутаты Виктор Заварзин
Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЖККУ ПАнын байкоочуларына Кыргызстан инновациялык технологиялар менен шайлоо процессинин моделин ийгиликтүү ишке ашырган Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бири экенин белгилеген.
© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев
Встреча Межпарламентской ассамблеи стран СНГ с главой МИД КР - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
"Өткөөл мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык процесстерге колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Өлкө жетекчилиги тарабынан таза демократиялык шайлоо өткөрүүгө бардык күч-аракеттер көрүлүп жатат, атап айтканда жыйынтыктар бурмаланбайт. Кыргызстандын эли бийликтин бирден-бир булагы, ал өлкө кандай жол менен кетерин жана аны ким башкара тургандыгын чечет", — деди министр.
Миссиянын мүчөлөрү өтө турган иш-чаралардын жыйынтыгында, мониторинг тобу коомчулукка көз карандысыз калыс маалымат берерин баса белгилешти.
Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандай укукка ээ болору белгисиз президент шайланабы? Саясий абалга сереп
Ал эми КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда кыргыз бийлиги таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү менен гана көп улуттуу кыргыз элинин ишенимине ээ боло аларын айткан. Ошондой эле шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы боюнча эл аралык байкоочулардын объективдүү баа берүүсүнө ишеним арткан.
Миссиянын координатору Виктор Заварзин шайлоо жана референдумдун даярдыгына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Миссиянын ишмердүүлүгү жана пландары жөнүндө маалымдаган. Ошону менен бирге Кыргызстанда таза демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө багытталган аракеттерге канааттануусун билдирди.
Жолугушуунун аягында тараптар алдыдагы шайлоолор Кыргызстандын эл аралык имиджин чыңдоого чоң салым кошот деген ишенимин билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0