УКМК революция уюштурууну талкуулады делген саясатчынын аудиосун текшерет

Жазылуу
Аудиожазуу Facebook баракчасына жайгаштырылып, анда 2021-жылы революция жасоо тууралуу кеп козголгон. Анда президенттикке ат салышкан талапкерлердин биринин ысымы көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда тарап жаткан президенттикке талапкердин жана анын тарапташтарынын сүйлөшүүсү делген аудио экспертизага жөнөтүлөрүн кабарлады.
Аудиожазуу Facebook баракчасына жайгаштырылып, анда 2021-жылы революция жасоо тууралуу кеп козголгон. 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: шайлоонун алдында айрым талапкерлер жалган маалымат таратууда
УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине факты боюнча териштирүү башталганын айтты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөрү белгиленди.
"Жогоруда айтылган экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет", — дешти УКМКдан.
Кылмыш-жаза кодексинин негизинде бийликти күч менен басып алууга багытталган аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келери дагы кошумчаланган.
УКМК жарандарды социалдык тармактарда жана интернетте чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана фактыларды укук коргоо органдарына кабарлоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0