Кандай укукка ээ болору белгисиз президент шайланабы? Саясий абалга сереп

© AFP / JIM WATSONМамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив
Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жолку шайлоодо эл мамлекет башчы кандай мыйзамдар менен иштеп, эмнеге укуктуу болорун так билбей туруп добуш бергени жатат. Себеби шайлоодон кийин жаңы Баш мыйзам кабыл алынары күтүлүүдө.
Ушул жуманын аягында кыргызстандыктар жаңы президентин шайлайт. Ага кошуп мамлекеттик түзүлүштү президенттик же парламенттик башкаруу формасына өткөрүү боюнча референдум өтөт. Кыргыз бийлиги элдин тандоосунун жыйынтыгына карап жаңы Конституция жазыларын айтууда. Ошентип жаз алды менен дагы бир референдум пландалып жатат. Албетте, андан кийин президенттин ыйгарым укуктары кеңейип же чектелип калышы ыктымал. Демек, 10-январда шайланган президент кандай укуктарга ээ болуп, канча мөөнөт иштей турганы азырынча белгисиз.
Учурдагы Конституция боюнча, башкаруу формасы парламенттик-президенттик болуп саналат, алты жылдык мөөнөт менен бир гана жолу шайланууга укугу бар. Ал эми буга чейин сунушталган Конституциянын жаңы долбоорунда беш жылдан эки мөөнөт иштөө каралган.
Ошондой эле президенттин укуктары азыркыдан алда канча кеңейтилип, премьер-министр жоюлуп, аткаруу бийлигин да президент башкармай болгон. Ошондой эле мыйзам жазып, Жогорку Кеңешке киргизүүгө укук алат.
Жогорку Кеңештин залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Деген менен бул долбоор коомчулукта катуу нааразычылык жараткандыктан, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзгөн. Алар 11-декабрда Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын кабарлаган. Бирок Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле элек.
Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодон кийинки саясий кырдаалга эксперттердин пикирин чогултту.
Конституциялык кеңешменин төрагасы, юрист Бекбосун Бөрүбашев жаңы шайланган президент кабыл алынган Баш мыйзам менен иштей турганын айтат. Эксперт эгер эл президенттик башкарууну тандаса, мамлекет башчыга укуктар менен кошо милдеттер дагы жүктөлөрүн белгиледи. Муну менен бир адам жооп бере турган система түзүлөт деген пикирде.
© Фото / пресс-служба партии "Чон казат"Конституциялык кеңешменин төрагасы, юрист Бекбосун Бөрүбашев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Чон казат Бекбосун Борубашов - Sputnik Кыргызстан
Конституциялык кеңешменин төрагасы, юрист Бекбосун Бөрүбашев
"Президентти шайлоо менен башкаруу формасын аныктоо экөө тең өтүп жатат. Эч кандай ката жок. Эл бул президент болсун да, мындай башкарууда иштесин деп тандайт. Эгер президенттик башкаруу формасы колдоо таап, парламенттик башкарууну жактаган талапкер жеңип калса, арсар ой пайда болот. Ал эми президенттик башкарууну колдогон адам шайланса, эч кандай карама-каршылык жок. Президенттин укуктары кеңейтилгенин эле карабай, милдет, жоопкерчилигин дагы караш керек. 2010-жылы жазылган Конституцияда кайсы орган мамлекеттин ички-тышкы саясатын аныктап, өлкөнү ким башкарары так жазылган эмес. Мамлекеттин ээси бар, бирок башкарган киши жок", — деди Бөрүбашев.
Ал эми мурдагы премьер-министр Феликс Кулов президенттик шайлоодон кийин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, кайра башынан шайлоо өткөрүү керектигин айтат.
"10-январда шайланган президент жаңы Конституция менен иштей албайт. Андай такыр туура эмес. Бул катардагы жөнөкөй юристке дагы түшүнүктүү. Мындай практика дүйнөдө болгон эмес. Анан калса, мөөнөтү бүткөн парламент Конституцияны өзгөртүүнү демилгелөөгө укугу жок. Бул маселени жаңы шайланган депутаттар гана алып чыга алат. Азыр биринчи кезекте биз экономиканы бутка тургузуу менен баш оорутушубуз керек. Демек, парламенттик шайлоо менен чектелип, Конституцияны өзгөртүүнү бир-эки жылга жылдыра туруу туура эле. Болбосо быйылкы жылыбыз шайлоо менен эле өтүп кетет. Референдумда президенттик башкаруу колдоо тапса, ошого ылайык мыйзамдар кабыл алынып, мамлекет башчынын укуктары кеңейет. Демек, кайра башынан шайлоо өткөрүүгө туура келет. Антпесе бийликти узурпациялоо катары кабыл алынат", — деди Кулов.
Бирок Бөрүбашев мындай пикирге карама-каршы оюн билдирди.
"Бийликти узурпациялоонун эки жолу бар: биринчиси — бийликти күч колдонуп басып алуу, экинчиси — бирөөнүн ыйгарым укуктарын тартып алуу. Мында жалпы эл добуш берип жатпайбы. Эл аралык коомчулук муну туура кабыл алат. Биз эгемендүү өлкөбүз, ички-тышкы саясатыбызды өзүбүз аныктайбыз", — деди Бөрүбашев.
Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү, юрист Медер Алиев жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин эскисин унутуш керек деп эсептейт.
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоо 2021-жылдын күзүнө жылдырылары айтылды
"Дүйнөлүк тажрыйбада дайыма ушундай норма болуп келген. Анан мышык-чычкан оюн кылып бири-бирин чукуй берген болбойт. Жаңы машина алганда эскисин унут дегендей эле кеп. Кайра башынан шайлоо өткөргүдөй биз бай мамлекетпизби? Азыр пенсия берүүгө акча жетпей жатканда кайра шайлоо дегенге таң калам. Эл аралык коомчулук жалпы жашыруун добуш менен шайланган президентти сөзсүз түрдө тааныйт. Бийликти төңкөрүш аркылуу басып алгандарды, фашисттик күчтөрдү, башка диний көз караштагыларды жана адамдардын укугун тебелеп демократиялык принциптен тайса, кошуна мамлекеттердин аймагын аннексиялап алса тааныбай коюшу мүмкүн", — деди Алиев.
ЖК депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Алтынбек Сулайманов азыркы бараткан жол кооптуу экенин айтат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Алтынбек Сулайманов
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Алтынбек Сулайманов
"Аягы кандай болорун көзү ачыктык кылып айта албайм, бирок азыркы кетип жаткан жолубуз кооптуу. Эл аралык коомчулук менен байланышыбыз өтө начар экенин жакшы билесиздер. Багытыбыз туура эмес болуп жатканын сиз экөөбүз эмес, айылдагылар да билип турат. Дагы баса белгилеп эмнесин айтышыбыз керек", — деди Сулайманов.
Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева жаңы келген бийлик саясий кризисти курчутпоо үчүн оппозиция менен компромисске келиши керек деп эсептейт.
"10-январда башаруу формасы тандалса жаңы Конституция жазылып, дагы референдум өтүшү керек. Андан соң парламенттик, жергиликтүү кеңештерге шайлоо турат. Крисиз учурунда ага каражат кайдан табылат? Идеалында жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин кайра президенттик шайлоо өтүшү зарыл. Бирок ноябрда сунушталган Конституцияда "президент кала берет" деген өткөөл беренелер кирген. Негизи эле 10-январдагы референдумга коюлган суроо мыйзамга жана эл аралык стандартка туура келбейт", — деди Токтогазиева.
Ошондой эле ал элге президенттик жана парламенттик башкаруу тууралуу маалымат берилбей жатканына токтолду. Юристтин айтымында, Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрдүн жардамысыз кризистен чыгышы кыйын. Бул үчүн өлкөдө мыйзамдуулук жана демократиялык баалуулуктар сакталышы шарт.
ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: окуучум туура баа берди, жаңы Конституциянын долбоору — "урод"
"Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча акыйкатчы Токон Мамытовдун кайрылуусунун негизинде Венеция комиссиясы учурда корутундусун жазып жатат. Алар кооптуу жагдайларды белгилеп көрсөтөт деп ойлойм. Эгер ал корутундуну дагы четке кагып салсак, санкциялар келиши мүмкүн. Бизде кризис, азык-түлүк тартыштыгы күтүүлдө. Жардам бере турган эл аралык өнөктөштөрдүн бирден-бир шарты — мыйзамдуулук жана демократиялык баалуулуктарды сактоо. Болбосо Кытай менен Россиянын ортосунда эле калышыбыз ыктымал", — деди юрист.

Президенттикке талапкерлердин пикири

Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. Үгүт иштери 9-январда эртең менен саат 8:00дө аяктайт.
Өлкөнүн башкы телеканалы КТРКда өткөн президентикке талапкерлердин дебатында ар бирине "Кайсы башкаруу формасын колдойсуз?" деген суроо берилген.
  • Анда Каныбек Иманалиев, Эльдар Абакиров, Равшан Жээнбеков, Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова парламенттик башкарууну жактай турганын билдирди.
  • Ал эми Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Адахан Мадумаров, Бактыбек Калмаматов, Мыктыбек Арстанбек мамлекетти өнүктүрүү системадан эмес, адамдан көз каранды деп эсептейт.
  • Абдил Сегизбаев парламенттик-президенттик аралаш башкаруу системасына ыктайт.
  • Садыр Жапаров теледебатка келген эмес, бирок эл менен жолугушууда президенттик башкарууга үндөп жатат.
  • Бабыржан Төлбаев парламенттик система жага турганын айтып, бирок анүчүн мыйзамдарды, коомчулукту жана депутаттарды даярдап, деңгээлин өстүрүү керектигин айтат.
  • Жеңишбек Байгуттиев азырынча президенттик менен кетип, кийинчерээк парламенттик башкарууга өтсө туура болот деген пикирде.
  • Улукбек Кочкоров президенттик башкарууга өтсөк премьер-министр, эгер парламенттик башкаруу тандалса, президенттик институт жоюлушу керектигин билдирди.
  • Курсан Асанов кандай башкаруу болбосун бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталышы керек деп эсептейт.
  • Аймен Касенов элдик башкарууга өтүү зарылдыгын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0