УКМК Өмүрбек Бабановду суракка чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив
Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатчы сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында фигурант катары чакырылган. Иликтөөнүн натыйжасы тууралуу УКМК коомчулукту кабардар кылып турмак болду.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановду суракка чакырды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бабанов сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында фигурант катары чакырылууда.
"Ушуга байланыштуу тергөө органдары Өмүрбек Бабановго анын катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн чакыруу кагазын тапшырган", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат кайсы кылмыш иштери тууралуу кеп болуп жатканын тактаган жок.
Иликтөөнүн жыйынтыгы менен УКМК коомчулукту кабардар кылып турарын убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0