Талапкер президент болуп шайланышы үчүн канча добуш алуусу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан адам. Архив
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоого катышууга минималдык чек коюлган эмес, добуш бергендердин санына жараша жыйынтык чыгат.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайызынан жогорку көрсөткүчкө ээ боло албаса, кайра добуш берүү өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Call-борборунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо алдында 119 Call-борборуна кошумча операторлор тартылат
Экинчи тур шайлоонун жыйынтыгы расмий чыккандан кийин (20 күнгө чейин) эки жуманын аралыгында уюштурулат.
Шайлдабекова президенттик шайлоого катышууга минималдык чек коюлбаганын белгилеп, добуш бергендердин санына жараша жыйынтык чыгарын кошумчалады.
Ал эми референдумду өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын кеминде 30 пайызы катышышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0