Президенттик шайлоо: КМШнын байкоочулар миссиясын Мамдума депутаты жетектейт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР с заместителем председателя Комитета Госдумы по обороне
Встреча президента КР с заместителем председателя Комитета Госдумы по обороне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байкоочулар Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы 7-12-январь күндөрү Кыргызстанда иш алып барат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.
Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт.
"7-12-январь күндөрү атайын топ Кыргызстандын аймагында иштейт. Ал эми добуш берүү күнүндө топтун башка мүчөлөрү чет өлкөлөрдөгү добуш берүү участокторунда байкоочулук кылышат. Жалпысынын Кыргызстандагы шайлоого байкоочу болуу үчүн ассамблеянын 52 мүчөсү каттоодон өткөн", — деп айтылат билдирүүдө. 
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт
Топтун координатору болуп РФ Мамлекеттик думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Заварзин дайындалды.
Ошондой эле мониторинг жүргүзүү тобунун курамына Парламенттер аралык ассамблеянын Демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын шайлоодогу укуктарын сактоо боюнча эл аралык институтунун өкүлдөрү менен Катчылык кеңешинин өкүлдөрү кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0