УКМК: Жогорку соттун төрайымы Калиева суракка келбей жатат

Жазылуу
Калиева ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганын айтып, тергөө органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн чакыруусун четке кагып, сурак берүү үчүн келбей жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, тийиштүү тергөө иштерин жүргүзүү үчүн 30-декабрда күбө катары сурак берүүгө чакыруу кагазы Калиеванын өз колуна тапшырылган.
"Ошол эле күнү Калиева жана анын адвокаты тарабынан жазуу түрүндөгү арыз түшүп, жактоочусу бошобой жаткандыктан суракты 4-январга жылдырууну сураган. Ал эми 4-январда адвокаты Калиева ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганын айтып, тергөө органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Деген менен Гүлбара Калиева ЖМКлардын бирине берген маегинде аны эч ким суракка чакырбаганын айтып жатат. Мунусу чындыкка дал келбейт", — деп жазылат маалыматта.
Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашевдин 530 гектар жери Торкендин балансына алынды
Ошондой эле УКМК бардык жаран мыйзам алдында бирдей экенин эске салып, тергөө иштери сот органдарындагы коррупциялык фактыларды объективдүү иликтөө багытында жасалып жатканын белгиледи.
Эске салсак, атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтууда.
Комитеттин кайрылуусунун негизинде Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымына карата кылмыш ишин козгоо тууралуу Тартип комиссиясына сунуштама жиберген.
Жаңылыктар түрмөгү
0