Театрлаштырылган көрсөтмө үчүн Садыр Жапаровго эскертүү берүү сунушталды

Жазылуу
Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштерин көзөмөлдөгөн жумушчу топ президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровдун Каракол шаарындагы эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмө боюнча талапкерге расмий эскертүү берүүнү сунуштады. Бул тууралуу БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева Sputnik маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул сунуш Боршайкомдун жалпы жыйынында каралат.
"2-январдагы жыйында жумушчу топ талапкерге эскертүү берүүнү сунуштады. Аны жыйынга катышкан жумушчу топтун 10 мүчөсүнүн алтоо колдоду. Мындан сырткары, талапкердин шайлоо штабына акчалай айып пул салуу сунушу айтылып, бирок колдоо тапкан жок", — деди Гүлнара Журабаева.
Микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Дебаттардын графиги
Буга чейин соцтармактарга Садыр Жапаровдун Каракол шаарындагы жолугушуусунда театрлаштырылган көрсөтмө коюлуп, анда Жети акенин кийимин кийген актерлор талапкерге бата берди делген сүрөт тараган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 1-беренесинин 10-пунктундагы 2-бөлүгүнө ылайык, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежеси бир нече ирет бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0