Президенттик шайлоо: ар бир облуска канчадан бюллетень даярдалды? Сандар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOДобуштарды эсептеген шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү коопсуз бет капчан. Архив
Добуштарды эсептеген шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү коопсуз бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн "Учкун" ААКтын имаратында бюллетендерди өлкөнүн жети облусуна, Бишкек, Ош шаарларына жана чет өлкөдөгү шайлоо участокторуна өткөрүп берүү актысына кол коюлган.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 10-январда өтө турчу президенттик шайлоо жана референдумга 7 миллион 134 миң 276 бюллетень даярдалды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады. 
Бүгүн "Учкундун" имаратында бюллетендерди өлкөнүн жети облусуна, Бишкек, Ош шаарларына жана чет өлкөдөгү шайлоо участокторуна кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлган.
Президенттик шайлоого жалпы үч миллион 567 миң 138 миллион (4948и — Брайл шрифти менен) бюллетень даярдалган.
Аймактар боюнча сандар:
  • Ош облусу — 723 620;
  • Жалал-Абад облусу — 667 265;
  • Чүй облусу — 592155;
  • Бишкек — 417 341;
  • Ысык-Көл облусу — 308 091;
  • Баткен облусу — 297 574;
  • Нарын облусу — 202 710;
  • Талас облусу— 158 054;
  • Ош шаары — 151 168;
  • Чет өлкөдөгү участокторго — 49 160 жиберилет.
Белгилей кетсек, референдум үчүн дагы ушундай эле көлөмдө бюллетендер жөнөтүлгөн.
Бюллетендердин саны такталып, "Тизме" сайтына жарыяланган шайлоочулардын соңку тизмесинин негизинде даярдалган. Добуш бере турган жарандардын саны — 3 миллион 556 миң 864 адам.
Киши шайлоо учурунда добушун берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоо эки тур менен өтүп калса кандай болот? Шарты
БШКдан мыйзамга ылайык, бюллетендер шайлоочулардын санынан 0,1 пайыз ашпашы керектигин айтышты (практикада бир аймактык шайлоо комиссиясына 1-2ден ашык бюллетень берилбейт).
Маалыматта, басмакананын ишине БШКнын жумушчу тобу байкоо салып, ал эми күзөтүү иштерин ИИМ жана УКМК кызматкерлери камсыздаганы кабарланды. Референдум үчүн көк түстөгү, ал эми мөөнөтсүз президенттик шайлоо үчүн түссүз бюллетендер даярдалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0