Артем Новиков жаңы жыл майрамында коопсуздукту сактоо боюнча кеңешме өткөрдү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин м.а. Артем Новиков өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча кеңешме өткөрдү
Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайлары көзөмөлдөнүп, өрт коопсуздугу, пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 31-дек. – Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Артем Новиков жаңы жыл майрамында коопсуздукту сактоо боюнча кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө режимине өткөн. Анын алкагында маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чек араларды кайтаруу күчөтүлдү.

Жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайлары көзөмөлдөнүп, өрт коопсуздугу, пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларына жол берилбеши керек. Алар кызматын так, сыпайы аткарып, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоолору зарыл", — деди Новиков.

Күч органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0