Тартип комиссиясына жаңы төрага шайланды. Ал тууралуу эмне белгилүү

© AP Photo / Jessica HillСудья балканы колунда кармап турат. Архив
Судья балканы колунда кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Осмонкулов 65 жашта, Ош облусунда туулган. 1990-жылдан бери сот системасында эмгектенип келген.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын төрагасы болуп Маратбек Осмонкулов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"28-декабрдагы комиссиянын жыйынында Маратбек Осмонкулов ачык добуш берүүнүн натыйжасында төрага болуп бир добуштан шайланды. Буга чейин ал президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун сунушу менен комиссиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган эле", — деп айтылат билдирүүдө.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Осмонкулов 65 жашта, Ош облусунда туулган.

  • 1990-жылдан бери райондук, шаардык соттордо жана Жогорку сотто эмгектенген.
  • 2008-жылы Тартип комиссиясынын төрагасы болуп, 2010-жылы Жогорку соттун төрагасынын орун басарынын милдетин аткарган.
  • 2017-жылы КР Жогорку сотунун аппаратын жетектеген.

Комиссия тогуз мүчөдөн турат. Үчөөнү президент, парламент жана Судьялар кеңеши көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0