БШК: 28-декабрга карата 311 эл аралык байкоочу катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековРезультаты выборов в Жогорку Кенеш 2015
Результаты выборов в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын 28-декабрдагы маалыматы боюнча, президенттик шайлоого саресеп сала турган эл аралык байкоочулар —  43 өлкөнүн жана 31 эл аралык уюмдун өкүлдөрү.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого саресеп сала турган эл аралык байкоочулардын саны 311ге жеткенин кабарлады.

Мекеменин соңку жыйынында дагы 113 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн.

Алар төмөнкүлөр:

  • Индонезиянын Башкы шайлоо комиссиясынан – 2;
  • КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы – 18 байкоочу;
  • ШКУ – 14;
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы – 9;
  • Ислам кызматташтык уюму – 3;
  • ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеясы – 9;
  • ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясы – 52;
  • КМШ миссиясы – 10 байкоочу;
  • 28-декбарга карата жалпысынан 43 мамлекеттен жана 31 эл аралык уюмдан байкоочулар келери белгилүү болду.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанды. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум да дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0