Президенттик шайлоо эки тур менен өтүп калса кандай болот? Шарты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКиши шайлоо учурунда добушун берип жатат. Архив
Киши шайлоо учурунда добушун берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер талапкерлердин бири дагы жалпы добуштун жарымынан көбүн ала албаса же "баарына каршы" графасы алдыга чыгып кетсе, экинчи тур жарыяланат.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда келе жаткан жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Эгер анда талапкерлердин бири дагы добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, экинчи тур жарыяланат.

Sputnik Кыргызстан редакциясы шайлоонун экинчи туру болуп кала турган болсо, жарандар эмнени билиши керектигин карап көрдү.

Экинчи турду өткөрүү шарттары

Эгер талапкерлердин бири дагы жалпы добуштардын жарымынан көбүн ала албаса же "баарына каршы" графасы алдыга чыгып кетсе, экинчи тур жарыяланат.

Мөөнөтү

Кайталап добуш берүү 20 күндүн ичинде өткөрүлүшү керек. Экинчи турдун мөөнөтү боюнча Борбордук шайлоо комитети шайлоонун расмий жыйынтыгын билдиргенден кийин үч күндөн кечикпей жарыялашы керек.

Президенттикке  талапкерлердин бою, салмагы - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлердин бою жана салмагы. Рейтинг
Канча талапкер болот

Биринчи турда канча киши болгонуна карабай экинчиге эң көп добуш алган эки гана талапкер катыша алат. Эгер экөөнүн бири баш тартса, үчүнчү орунду ээлеген адам катышса болот. Эгер талапкерлер калбай калса бир гана талапкер боюнча добуш берилет.

Канча добуш алуу керек?

Экинчи турду биринчисиндей болуп добуштардын тең жарымынын көбүн эмес, көбүрөөк добуш алган талапкер президент болуп шайланат.

Маалымат "Кыргыз Республикасынын президентин Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0