Ташиев: ЖК депутатын кармадык, ал мамлекетке келтирген чыгымды кайтарып жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМамлекеттик кызматкер. Архив
Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК төрагасынын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири сегиз жыл мурда кылмыш кылган. Учурда ага чыгымды мамлекетке кайтарып берүү талабы коюлган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты мамлекетке келтирген ири чыгымдын ордун толтуруп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда аткаминерлер менен депутаттардын декларациялары текшерилип жатат.

"Биз Жогорку Кеңештин бир депутатын кармадык, атын айтпайм. Ал учурда мамлекетке ири суммадагы каражатты кайтарып жатат. 8 жыл мурда кылмыш кылган. Биз ага мамлекетке чыгымды кайтарып берүү талабын койгонбуз, учурда жарымын төктү", — деди Ташиев.

УКМК башчысы "кармадык" дегени эмнени түшүндүрөрүн, учурда ал каякта экенин тактаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0