"Ата Мекен" фракциясы вице-спикерлик кызматка Нурбек Сыдыгалиевди көрсөтөт

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Нурбек Сыдыгалиев. Архив
Депутат Нурбек Сыдыгалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин иштеп жаткан вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам кечээ кызматын тапшырып кеткен.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" оппозициялык фракциясы вице-спикерлик кызматына Нурбек Сыдыгалиевди көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү, депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

Анын айтымында, кечээ фракция жыйыны болуп, төраганын орун басары кызматына Сыдыгалиевди сунуштоо чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам кечээ кызматын тапшырып кеткен.

Андан соң дагы бир оппозициялык "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0