№2 форма жоюлду. Жашаган жеринде каттоосу жок шайлоочу кантип добуш берет

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке
Голосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет кыргызстандыктар катталган жерине бармайын мамлекет башчыны шайлоого жана референдумга катыша албайт. Себеби №2 форма атайын мыйзам кабыл алынып жокко чыгарылган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Алдыдагы президенттик шайлоодо жаран паспортто катталган дареги боюнча гана добуш бере алат, азырынча мындан башка жолу жок. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Добуш берип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоочулардын канча пайызы катышса референдум өттү деп саналат? БШКнын жообу
Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 жаран №2 формасын алган. Коомчулукта бул добуш сатууга шарт түзөт деген нааразычылыктар жаралган. Мындан улам №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылган болчу. Эми аны чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктар гана колдоно алат.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы №2 форма жоюлгандан кийин жашаган жеринде каттоосу жок жаран кандай жол менен добуш бере аларын сурап билди.

Бишкектеги баш оору, кайсы вариантты караба коррупция

БШК төрайымы Бишкек шаарында жана жака белиндеги жаңы конуштарда 10-15 жылдан бери жашап, бирок каттоосу башка жакта болгондор көп экенин моюндайт.

"Бул маселе боюнча Бишкек мэриясы менен жыйын өткөрүп, тапшырма бергенбиз. Ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарда, конуштарда жашагандардын статистикасын тактадык. Элдин саны аябай көп болуп жатат. Кандай вариантты карабайлы, ар биринде коррупциялык элементтер болууда. Жетекчиликтеги тизме менен шайлоо участкасына каттайлы десек №2 форма сыяктуу эле тобокелчиликтер бар. Эң эле негизги жол каттоосун жашаган жерине өзгөртүү гана болуп жатат. Азырынча башка мүмкүнчүлүгүбүз жок", — деди Шайлдабекова.

Кимдер катталган жерине барбай добуш бере алат?

  • Ооруканада дарыланып жаткандар;
  • "Кумтөр" сыяктуу компанияларда нөөмөт ыкмасы менен иштегендер;
  • Аскер кызматын өтөп жүргөндөр.

Жогоруда аталгандардын жетекчилиги шайлоого 12 күн калганга чейин жарандардын тизмесин бериши шарт. БШК аларды жакынкы шайлоо участкаларына бекитет.

Шайлдабекова бул шайлоодо студенттер да окуган жеринен добуш бере албай турганын айтты.

"Миграциялык жоболор боюнча, студенттер жатаканаларга убактылуу каттоого туруп добуш берсе болмок. Бирок бул дагы күмөн жаратууда. Азыр пандемияда баары үйүндө, 10-январь каникулдук мезгилге да туура келип жатат. Андыктан баарын расмий катталган жериндеги шайлоо участкасына барууга чакырабыз", — деди БШКнын төрайымы.

Ошондой эле ал убактылуу каттоого туруу менен да шайлоочулардын тизмесине кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей турганын белгиледи.

Буга чейин №2 форма толтургандар эмне болот?

Нуржан Шайлдабекованын айтымында, парламенттик шайлоого №2 форма менен добуш берген жарандар андагы шайлоо участкасынан катталган дарегине которулду.

"Добуш сатып алуулар көп болгондуктан 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды да. №2 форманы биротоло жоёлу деп жатышат. Бул жолкусунда ошентип да көрөлү. Октябрдан бери жалпы шайлоочулардын саны 28 миңге көбөйгөнү менен айрым шаарларда азайды. Мисалы, Бишкекте 80 миңге, Ошто 30 миңге кыскарды. Себеби бул шаарларга жакынкы райондордон көбүрөөк алып келип №2 форма менен каттатышкан", — деди Шайлдабекова.

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Бул жарышка 18 талапкер аттанды.

Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0