Бүгүн президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Кыргызстанды башкарууга ниеттенип 18 талапкер жарышка аттанды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бүгүн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин үгүт иштери башталды.

Зима в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Баарыныкы биригип 50 млн. сом. Кайсы талапкердин шайлоо фондунда акча көп
Ага ылайык, талапкерлер жер-жерлерди кыдырып шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алат.

Кыргызстанды башкарууга ниеттенип 18 талапкер жарышка аттанды.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0