Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы

Жазылуу
Депутаттардын бир тобу эл парламенттин же президенттин башкаруусунда болууну өзү чечсин деген пикирде. Себеби баары бир президент башкарып алат экен дешет. Экинчи тарап жаңы Конституция менен эле кошо керемет жашоо келбей турганын эскертүүдө.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн рефрендум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Аталган документтин автору депутат Акылбек Жапаров экени белгилүү болду. Ал жазында экс-депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгелеген мыйзам долбоорун кайрадан алып чыккан. Ага ылайык, референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү сунушталууда. Элге президенттик же парламенттик башкарууну тандоо укугу берилет.

Аталган мыйзам долбооруна кворум болбой калгандыктан добуш берилген жок.

Талкуу учурунда депутаттар эки тарапка бөлүнүп талаш жаралды. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы эл өкүлдөрүнүн пикирин чогултту.

© Фото / пресс-служба ЖКСайдулла Нышанов
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы - Sputnik Кыргызстан
Сайдулла Нышанов

Сайдулла Нышанов: президентти биз аңга түртөт экенбиз

— Ачык айтыш керек, буга чейинки президенттердин күнөөсү болушу мүмкүн. Бирок аны биз, Ак үй, Көк үйдө отургандар аңга түртөт экенбиз. "Мына укмуш болуп жатат, экономика өсүүдө, туура эмес сүйлөгөндөр мындай, боло берет" деп отуруп өзүбүз ушундай акыбалга келдик. Акылбек Үсөнбекович, сиз шашылбаңыз. Алгач президенттик менен парламенттик башкаруунун айырмачылык, артыкчылыктарын түшүндүрүп коюңуз. Кийин жеңилген тарап да чуу салбагандай болсун.

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт Төрөбаев
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Төрөбаев

Бакыт Төрөбаев: баары бир президент башкарат экен

— Бул жерде эч кандай коркунуч жок. Биз "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы Конституцияны өзгөртүүнү колдойбуз. Буга чейин президенттик, парламенттик башкаруу дегенибиз менен президент башкарып келбедиби. Айылдарга барганда көрүп жатабыз, эл саясаттын баарын билет. "Эл билбейт, түшүнбөйт" деген туура эмес. Андыктан өзүбүз эле чече бербей, тарыхта бир жолу элден сурап коёлу.

Жанар Акаев: керемет күткөн элибизди алдабайлы

— Туура, айылдарга барсак президенттик башкаруу болуп бир адам жооп бериши керек деп жатат. Бирок биз чындыкты айтпай жатабыз, элибиз азыр жаңы келген бийликтен бир керемет күтүп, ушул Конституция кабыл алынса эле Кыргызстанда түп тамыры менен адилеттүүлүк орноп, чоң өзгөрүүлөр болот деп жатпайбы. Ачыгын айтыш керек, андай болбойт! Азыркы Баш мыйзам менен деле мыкты иштесе болмок. Ошондуктан биз байкуш элди алдабай туурасын айтышыбыз керек.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын отуруму - Sputnik Кыргызстан
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди
Ушул эле парламент 2017-жылы Атамбаевдин тушунда Конституцияны өзгөртүүгө макул болуп, кабыл алынса эле бейиш болот деп убада бергенбиз да. Бирок андай болгон жок. Президент болом деген кишини тегеректеп жүргөндөр туура жолго багыттасаңар. Элибиз кайра тополоңду, ыңкылапты көтөрө албайт. Жакшы иштер болсо биз деле колдойбуз, азыркы мыйзамды ууруларча бекинип, регламентти бузуп кабыл алганыбыз туура эмес. Буга парламенттик-президенттик деген аралаш системаны дагы кошуп коюуну сунуштайм.

© Фото / Пресс-служба ЖКНурбек Алимбеков
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Алимбеков

Нурбек Алимбеков: мыйзамды үч окуудан тезирээк өткөрөлү

— Ушул чыгып жаткан мыйзам туура деп ойлойм. Биз келечектеги жолубузду тандап алышыбыз шарт. Президентте эч кандай жоопкерчилик болбогону үчүн премьер-министрибиз тез-тез алмашып жатты. Андыктан үч окуудан тезирээк өткөрөлү. Эки тарап тең шайлоочуларына барып президенттик система ушундай, парламенттик мындай деп түшүндүрсүн. Анан жыйынтыгын көрөбүз. Бул референдум өткөнгө чейин Конституциялык кеңешме ишин токтотуп турушу керек.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДастан Бекешев
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы - Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев

Дастан Бекешев: саясатчы элге жарык жол көрсөтүшү керек

— Акылбек Үсөнбекович, сиз мурда Курманкул Зулушев коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорун алып чыгып алыпсыз. Рейдерлик басып алуу сыяктуу бирөөнүн мыйзамына автор болуп жатасыз. Негизи мындай референдум болбошу керек. "Бизге башкаруу формасын тандап бергиле" деп саясатчылар жоопкерчиликтен качып элге жүктөп жатат. Парламентаризмде премьер-министр күчтүү, президенттей эле укуктарга ээ болорун көпчүлүк билбейт. Чынында биз парламенттик башкарууну көрө элекпиз. Бирок ушундайда саясатчылар элге жарык жолду көрсөтүп, жол башташы керек эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековНаталья Никитенко
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы - Sputnik Кыргызстан
Наталья Никитенко

Наталья Никитенко: пайдасы менен кесепетин айтышыбыз керек

— Бул мыйзамды кароодо комитетте кворум болбой, оозеки түрүндө кол чогултулган. Өлкө тагдырын чече турган мыйзамды ушундай жол менен шашып кабыл алганы кандай? Эл өзү тандап алат деп жатышат. Бирок ошол элге оң-терс жактарын, пайдасы менен кесепетин дагы айтышыбыз керек. Кайсы системада кандай болорун эл түшүнүп алсын да.

© Фото / пресс-служба ЖКАкылбек Жапаров
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров: президенттик башкаруу менен жакырчылыктан чыгууга үмүт бар

Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоо 2021-жылдын күзүнө жылдырылары айтылды
— Конституцияны бийликтин негизги булагы болгон элдин талабына ылайык келтиришибиз керек. Референдумда эл кайсы башкарууну тандаса ошого макул болуп, көчө башаламандыгын, саясий жалааны уюштурбай оюндун эрежесин жазып, андан ары ошону менен жашашыбыз зарыл. Президент артыкчылыктарды алып аткаруу бийлигинин башында турса, туруктуулук пайда болуп, акыры жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз деген үмүт бар.

Референдум президенттик шайлоо менен кошо өтсө бюллетенге эле 4,5 миллион сом кетет. Мунун менен каражат дагы үнөмдөлүүдө.

Жапаровдун айтымында, референдумда башкаруу системасы аныкталса, жаңы Конституция ошого жараша жазылат. Ал даяр болгондон кийин апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге дагы референдум өткөрүү пландалууда. Ал эми парламенттик шайлоо 2021-жылдын октябрь айына чейин жылдырылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0