Парламенттик шайлоо 2021-жылдын күзүнө жылдырылары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан жаран. Архив
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү бүгүн мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров парламенттик шайлоо 2021-жылдын күз мезгилине жылдырылышы мүмкүн экенин айтты.

Эл өкүлү бүгүн мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты.

Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, президенттик шайлоо менен кошо башкаруу системасын аныктоо референдуму өтөрүн айтты. Андан кийин Конституциялык кеңешме ишин бүтүп калса, апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо жаңы Конституцияны кабыл алууга добуш берүү болорун билдирди.

"Болбосо парламенттик шайлоого кошуп өткөрүшүбүз керек. Ал шайлоо май айында дайындалышы шарт. Анда сентябрь же октябрга барып такалып калат экен. Буга каражаттын баарын карадык", — деди Жапаров.

Учурда парламентте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруу формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0