"Атаңа, энеңе бар" кылбайлы. Депутат Ормонов референдумду тездетүүгө чакырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ормонов башкаруу системасын аныктоого багытталган мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитеттеринде каралбай жатканына нааразы болду.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Парламенттик же президенттик башкарууга өтүү мыйзамын карап, тезирээк элдин тандоосуна чыгарыш керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бүгүнкү жыйында билдирди.

Ал башкаруу системасын аныктоого багытталган мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитеттеринде каралбай жатканына нааразы болду.

"Конституцияны алып чыкса "өзүнүкүн алып чыкты" деп кыйкырдык, башканы айттык. Эми кандай башкаруу керектигин эл тандасын деген мыйзамга дагы сын айтып жатабыз. Келгиле, анда комитеттин жыйынын да ушул залда өткөрөлү. Муну тездетип беришибиз керек. Бизге кандай башкаруу керектигин бир ууч топ эмес, жалпы эл тандасын деген сунуш болуп атпайбы. Ошону элге алып чыгып берели да, ар кайсы жакка түртүп, атаңа бар, энеңе бар кылбай", — деди Ормонов.

Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырылганын айтып, президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүп, эл кандай башкарууну тандай турганын аныктап алууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0