Жогорку сот Атамбаев кандай шартта абактан бошотуларын маалымдады

© AP Photo / Vladimir VoroninКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку соттун маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Фемида өкүлдөрү Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөнүн эскертти.

"Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселе ишти жаңыдан карап жатканда адвокаттары өтүнүч менен кайрылса чечилиши мүмкүн", — дешти Жогорку соттон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Атамбаевдин үч иши эмне себептен бириктирилгенин түшүндүрүп берди
Буга чейин адвокат Сергей Слесарев мурдагы президент жакында абактан бошотулушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, Жогорку сот чыгарган чечиминде баш коргоо чарасы тууралуу айткан эмес.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан боштулушу боюнча айыпталып, он бир жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.

Ал эми Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0