Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Балбак Түлөбаев: апрелден кийин мэрлик кызматка барбайм

© Sputnik / Табылды КадырбековИсполняющий обязанности мэра Бишкека Балбак Тулобаев
Исполняющий обязанности мэра Бишкека Балбак Тулобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлөбаев учурда мэрдин милдетин аткаруучу. 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаардык кеңеши кайра түзүлүп, жаңы мэр келет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Апрелден ары мэрлик кызматка барбайм. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаардык кеңеши кайра түзүлүп, жаңы мэр келет.

"Азыр кыйын кырдаал, кыйын мезгилди баштан кечирип жатабыз. Акчанын жоктугунан, жетишсиздиктин айынан жаңы жылдагы кээ бир нерселерди токтотуп койдум. Ушул кыйын мезгилден чогуу чыгып кетели. Коронавирусту жеңип, кыштан аман-эсен чыгалы! Апрелге чейин колуман келишинче таза, түз иштеп, кээ бир коррупциялык иштерди ачып кетейин деп жатам", — деди Түлөбаев.

Мэрдин милдетин аткаруучу эл менен иштешүүгө даяр экенин айтып, шаардыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0