Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов
Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапар туурасында толук маалымат жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин спикеринин Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугары айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күн — 6-8-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттин милдетин аткаруучу орус тилин макамдан ажыратуу идеясы боюнча үн катты
Анын сөзүнө караганда, сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болот.

Калган маалыматтар кийинчерээк айтыларын кошумчалады.

Мамытовдун сапары боюнча маалыматты буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал жолугушуу 7-декабрда болорун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0