Президенттин ЖКдагы өкүлү Дыйканбаев иштен алынып, ордуна Калматов дайындалды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМурдагы депутат Анарбек Калматов. Архив
Мурдагы депутат Анарбек Калматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калматов буга чейин президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы өлкө башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ал жумуштан кетүүгө өз арызын бергени айтылат. Ордуна Анарбек Калматов парламенттеги өкүл болуп дайындалды.

Эки жарлыкка тең президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Өнөр жай, энергентика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Вероника Исаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вероника Исаева Өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрага орун басары болду
Калматов буга чейин Кыргызстандын президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеп келген. Бул кызматынан бошотулганы белгиленди.

Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрда УКМК тарабынан кармалып, эки айга тергөө абагына камалды. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталууда. УКМКнын билдиришинче, Дыйканбаев октябрдагы парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкананын башчысын бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаган. Эгер баш тарта турган болсо, кызматтан кетирерин айтып коркутканы тергөөдө аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0