Конституциялык кеңешме: Кыргызстандын аталышы өзгөртүлбөйт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желеги дүйнөнүн картасын фонунда. Архив
Кыргызстандын желеги дүйнөнүн картасын фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстандын эли" деген терминди расмий түрдө "Кыргыз Республикасынын эли" деп өзгөртүү Конституцияга киргизилүүдө.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын аталышы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын жетекчиси Болот Токтобаев билдирди.

Буга чейин кеңешменин мүчөсү Кадыр Кошалиев элдик бийлик орноп жатканын айтып, мамлекеттин аталышын "Кыргыз Эл Республикасы" деп өзгөртүүнү сунуштаган.

"Бардык секцияларда Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүү каралган жок", — деди Токтобаев.

Ал эми кеңешмедеги "Конституциялык түзүлүштүн негиздери" секциясынын жетекчиси Урмат Аманалиев учурда колдонулуп келген "Кыргызстандын эли" деген терминди расмий түрдө "Кыргыз Республикасынын эли" деп атоо боюнча Конституцияга киргизилип жатканын билдирди. Ал эл аралык аренада дагы ушундай термин колдонулушу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0