Катаал жазага татыктуу! Депутат Опумбаев менен Жунушалиевди кармоону талап кылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана муруңку УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев. Архив
Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана муруңку УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү аскер адамдары кызматын таштап качып кеткени үчүн эң жогорку деңгээлдеги жазага тартууну талап кылып жатат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди таап жоопко тартууну талап кылды.

Парламенттин жыйынында сүйлөгөн депутат алар кыйын учурда элди таштап кеткени үчүн катаал жазага татыктуу экенин билдирди.

"6-7-октябрда эл кооптуу абалда калып, дүйнөдө терроризм күч алып жаткан маалда Опумбаев менен Жунушалиев калкты, мекенди таштап качып кетти. Эмнеге экөөнө кылмыш ишин козгоп, кармап келип суракка албайт. Булар аскер адамдары болгондуктан эң жогорку деңгээлдеги жазага татыктуу. Экөөнү тең кармап келип жоопко тартууну талап кылам. Алардын ордуна буйрук аткарган тергөөчүлөр жооп береби?" — деди Орозова.

Пресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиев Россияда концерт көрүп отурабы? Соцтармактагы видеонун чоо-жайы
Мындай маселе менен депутат Жогорку Кеңештин төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматын таштап кеткен. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров алар кайда экени белгисиз деп айтып, изделип жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0