Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти

© Фото / пресс-служба правительства КРЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматка дайындалган аткаминер 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына расмий түрдө киришти. 

Аны дайындоо жөнүндө жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Начальник инспекции по безопасности Авиа Траффик компани Сталбек Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жарандык авиация агенттигине жаңы жетекчи келди. Ким дайындалды?
Султанбекованын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталып, бүгүн парламенттен колдоо тапкан.

Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖК депутаттары колдобой койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0