Конституция жөнүндө мыйзам долбооруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын конституциясы. Архив
Кыргыз Республикасынын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон. Эксперттик топтун курамында жазуучу, филолог, котормочу жана башка адистер бар.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Конституция жөнүндөгү мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүү максатында эксперттик топ түзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан кабарлашты.

Мындай буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Лингвистикалык эксперттик топтун курамы:

  • Абдыкадыр Султанбаев — Жогорку Кеңештин аппаратынын лингвистикалык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, эксперттик топтун жетекчиси;
  • Мундузбек Абдыжапар уулу — өкмөт аппаратынын канцеляриясынын лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы;
  • Азат Абдысадыр уулу — президенттин аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;
  • Чолпонбек Абыкеев — жазуучу-котормочу (макулдашуу боюнча);
  • Турсунияз Досалиев — лингвист-котормочу;
  • Назаркул Ишекеев — президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
  • Айнура Койчубакова — Жогорку Кеңештин аппаратынын ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • Турусбек Маразыков — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);
  • Жумабек Медералиев — Жогорку Кеңештин аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Канатбек Сейдалиев — президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси;
  • Гүлжигит Сооронкулов — филология илимдеринин доктору, профессор, лингвист-котормочу (макулдашуу боюнча);
  • Мамед Тагаев — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).
Жаңылыктар түрмөгү
0