Сот Текебаев эмнеге депутаттык мандатынан ажырап жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган токтомун жараксыз деп тапкан.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган чечимине түшүндүрмө берди.

Анда сот кечээ, 23-ноябрда, Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган токтомун жараксыз деп тапканы айтылат. БШК өзүнүн токтому менен "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамды бузганы белгиленет.

Депутат Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: азыркы бийлик өткөндөн сабак алган-албаганын 2 айдан кийин көрөбүз
Аталган токтомдо жазылгандай, 2017-жылы Текебаевге карата соттун айыптоо өкүмү чыкканына байланыштуу анын депутаттык укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаты партиянын кийинки тизмесинде турган талапкерге берилген. Бирок 2019-жылы Текебаевге чыккан өкүм Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, жаңы жагдайларга байланыштуу иш кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн БШК мандатын кайтарып берген.

Ошондой эле Текебаев мандат алышы үчүн Жогорку Кеңештин бир депутаты кызматын тапшырганы кошумчаланган.

"Деген менен "КР президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө депутат мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын ордуна партиянын кийинки тизмесиндеги адам мандат алышы керек. Ал эми Өмүрбек Текебаев андан кийинки сапта турган эмес. Дал ушундай мыйзам бузуу аныкталганы үчүн сот БШКнын токтомун жокко чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин активист Темирлан Ормуков саясатчынын мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып, сотко кайрылган.

Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси боюнча соттолгонунан улам ажыраган мандатын кайтарып алуу боюнча арызын берген. Буга ага карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, иштин кайра башынан кароого жөнөтүлгөнү негиз болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчынын арызын 15-октябрда канааттандырып, Текебаев кайра депутат болуп парламентке кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0