"Кыргызнефтегазга" дайындалган жаңы жетекчи тууралуу эмне белгилүү

© Sputnik / Табылды КадырбековКреслодогу турган портфель. Архив
Креслодогу турган портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечимди 20-ноябрь күнү директорлор кеңешинин жыйыны кабыл алган. Тургунбаевдин бул тармакта 20 жылга чукул тажрыйбасы бар.

БИШКЕК, 23-ноя. – Sputnik. "Кыргызнефтегаз" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы болуп Мелис Тургунбаев дайындалды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Чечим 20-ноябрь күнү директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды.

Ысык-Көлдөгү болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев бараткан унаа оодарылып кетти
Тургунбаев 2017-жылдан бери "Кыргызнефтегаз" ишканасынын директорлор кеңешин жетектеп келген. Ал Борбор Азиядагы Америка университетин аяктаган. Экономика илимдеринин доктору.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын маалымат кызматы уюшкан кылмыштуу топтун "Чач" деген мүчөсү кармалганын кабарлаган. Улуттук комитеттен билдиришкендей, "Кыргызнефтегаздын" мурдагы жетекчиси Рашид Бостонов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн ишкерлерге каршы аракеттерди жасоо үчүн колдонуп келген.

Компаниянын жаңы жетекчиси Тургунбаев эмгек жолун 2002-жылы Финансы министрлигинде алдыңкы адис катары баштаган. 2006-жылдан 2020-жылга чейин россиялык "Газпром" компаниясында эмгектенип келген.

"Мелис Тургунбаев жогорку башкаруучулук кызматтарда 20 жылдык тажрыйбасы бар. Бүгүнкү күндө ал аталган тармакта тажрыйбалуу жана таанылган адистердин бири болуп саналат", — дешти компаниядан.

Тургунбаевдин өкмөттөн берилген грамоталары жана медалдары бар. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0