Президенттик аппараттын кызматкерлери жоопко тартылсын. Депутаттын талабы

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев
Депутат Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бекешев башкы прокурор Курманкул Зулушевге президенттин аппаратынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароону сунуштады.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин аппаратынын кызматкерлери мыйзам чыгаруу процессине кийлигишкени жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн чара көрүүнү сунуштап Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Конституциянын жаңы редакциядагы долбоорун изилдей келгенде мыйзам долбоор президенттин аппараты, тагыраагы, Бектур Зулпиев (аппарат жетекчинин орун басары) тарабынан даярдалганы аныкталды", — деп айтылат Бекешевдин билдирүүсүндө.

Эл өкүлүнүн айтымында, азыркы Конституцияга ылайык, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгесин төмөнкү тараптар сунуштай алат:

  • 10 миң шайлоочу (элдик демилге);
  • Жогорку Кеңештин депутаттары;
  • Өкмөт.
"Жогоруда саналган субъектилерде президент жок, демек, президенттин аппараты мыйзам долбоорун иштеп чыгуудагы процесске катышууга акысы жок", — деди депутат.

Жыйындагы аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамына кимдер кирди. Тизме
Бекешев башкы прокурор Курманкул Зулушевге президенттин аппаратынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароону сунуштады.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелешкен. Бирок бир нече депутат ал тизмеге кандайча кирип калганына таңыркап жатканын билдирсе, дагы бири койгон колун чакыртып алган.

Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылган. Референдумду 10-январь күнү президенттик шайлоо менен катарлаш өткөрүү пландалууда.

Жаңы Конституциянын долбоорунун урунттуу учурларын материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0