Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлерге ишканаларды куруу сунушталды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин жолугушуу
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин жолугушуу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Руслан Казакбаев Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Анын алкагында чек ара маселесин тез арада чечүү тууралуу сөз болууда.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолугушуу учурунда чек арадагы чырлуу маселелерди экономикалык жол менен чечүүнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды. 

Эске салсак, Казакбаев Тажикстанга расмий иш сапары менен барган.

"Кыргыз тараптын сунушу менен Тажикстан жана Кыргызстандын ортосунда Иштиктүү кеңеш ачуу маселеси каралат. Ошондой эле талаштуу жерлерге биргелешкен ишканалар ачылып, алар эки өлкөгө тең пайда алып келгидей иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Казакбаев коңшу өлкө менен чек ара маселесин тез арада чечүү керектигине токтолду.

"Чек ара аймагында тынчтыкты камсыздап, мурдатан бери келе жаткан талаш-тартыш маселелерди бир гана сүйлөшүү жолу менен чечип, бири-бирибизге ишеним артуу менен келишимдерге кол коюшубуз керек деген пикирдебиз", — деди Казакбаев.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы делимитацияланбаган тилкелердин айынан маал-маалы менен эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып турат. Тараптар СССР тарагандан бери 70ке чукул тилкенин тагдырын чече албай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0