Венеция комиссиясынын кабатырланган бүтүмүнө Конституциялык палатанын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги конституциялык палатанын имараты. Архив
Бишкектеги конституциялык палатанын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венеция комиссиясы чыгарган корутундуда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинен конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгилеген.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Конституциялык палатанын (КП) судьялары Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жылдырылышы боюнча Венеция комиссиясынын корутундусуна комментарий бере албайт. Бул туурасында палатанын маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча партиялардын биринен түшкөн кайрылуу да учурда КПнын өндүрүшүндө турганы айтылат.

"Конституциялык мыйзамдарга ылайык, биздин судьялар Венеция комиссиясынын корутундусуна комментарий бере албайт. КП Венециялык комиссиянын бүтүмүн эске алабы деген суроого азыр жооп берилсе, чыгарчу чечиминен кабардар кылып коюшу мүмкүн. Констутициялык палата чечимди жакынкы күндөрү жарыялайт", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку соттун Конституциялык палатасы Венеция комиссиясына төрт суроо менен кайрылган. Кечээ ага корутунду иретинде берген жообу келген.

Кыргызстандын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы Конституцияны деги ким жазды? Өзгөртүүнү демилгелеген депутаттардын жообу
Анда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле комиссия конституциялык мыйзам токтоп шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга койгон. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген. Ага ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0